11.04.2018 11:07

«Хизбут-Тахрир»  уюмунун экстремисттик сайттарынын модератору кармалды

«Хизбут-Тахрир»  уюмунун экстремисттик сайттарынын модератору  кармалды

МУКК кызматкерлери тарабынан Бишкекте диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалды.  22 жаштагы кыргыз жараны «Хизбут-Тахрир»  уюмунун экстремисттик сайттарына көзөмөл жүргүзүп жана  өлкөдө тыюу салынган материалдарды ар түрдүү социалдык сайттарга  жайгаштырып турган.  

Үйүн тинтүү маалында, ноутбук, чөнтөк телефондор, модем, экстремисттик мазмундагы басма сөз жана электрондук адабияттар табылган.

Алынган материалдын баары экспертизага жөнөтүлдү.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам МУККтун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүүдө.